Туура сүйлөйлү» аттуу кыргыз тили боюнча кароо-сынак
2026-жылдын 28-апрелинде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) гуманитардык сабактар кафедрасында «Туура сүйлөйлү» аттуу кыргыз тили боюнча кароо-сынак уюштурулду. Бул иш-чара студенттердин сүйлөө маданиятын өнүктүрүүгө, тилдик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана эл алдында ишенимдүү сүйлөө жөндөмүн калыптандырууга багытталды. Кароо-сынак кыргыз тилинде туура, так жана көркөм сүйлөө көндүмдөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Кароо- сынакка 4 студент катышып, актуалдуу жана мазмундуу темалар боюнча даярдалган баяндама жана презентацияларын сунушташты. Буга чейин катышуучулардын эмгектери студенттик илимий - ийрим жыйындарында угулуп, алдын ала даярдык жүргүзүлгөн. Ар бир катышуучунун баяндоо убактысы 4–6 мүнөттү түздү.
Иштин жүрүшүндө туура сүйлөө маданиятына, сүйлөмдөрдү сабаттуу түзүүгө, так айтууга, көркөмдүүлүккө жана аудитория алдында өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Бардык катышуучулар жогорку активдүүлүктү, кызыгууну жана даярдыкка олуттуу мамилени көрсөтүштү. Ар бир студент өзүнүн талантын, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн жана эл алдында сүйлөө чеберчилигин көрсөтө алды. Кароо-сынак кызыктуу, мазмундуу жана сапаттуу даярдалган презентациялар менен өзгөчөлөндү.
Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кафедра башчысы Алымкулова Н.Н. сөз сүйлөп, студенттердин иш-чарага жоопкерчиликтүү мамилесин белгилеп, сүйлөө маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Кароо - сынактын жыйынтыгында Алымкулова Н.Н. жалпы жыйынтык чыгарып, студенттерди жетектеген окутуучуларга ыраазычылык билдирип, катышуучуларга балуу белектерди жана сертификаттарды тапшырды.
Баалоо 4 адамдан турган калыстар тобу тарабынан он баллдык балоо система (1ден 10 баллга чейин) менен жүргүзүлдү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.
Конкурстун жеңүүчүлөрү.
1-орун - Тхорат Пратхамеш Санджай Тема: «Менин келечектеги сүйгөн кесибим – дарыгер» Жетекчиси: Туратбек кызы Ж.
3-орун - Гандхи Намия Тема: «Чыңгыз Айтматов – залкар жазуучу» Жетекчиси: Токонова А.
3-орун - Симра Малик Тема: «Менин сүйүктүү үй-бүлөм» Жетекчиси: Камчыбек кызы А.
Мындай иш-чаралар студенттердин коммуникативдик сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, тилди өздөштүрүү деңгээлин жогорулатууга, чыгармачылык потенциалын жогорулатууга жана лидерлик сапаттарын калыптандырууга чоң салым кошот.
«Туура сүйлөйлү» кароо-сынагынын бардык катышуучуларын куттуктайбыз жана аларга жаңы жетишкендиктерди, өзүнө болгон ишенимди жана мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!