2026-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Улуттук илимдер академиясынын академик Б. Юнусалиев атындагы тил илими институту тарабынан жарык көргөн бир катар илимий жана илимий-популярдуу эмгектердин бет ачар аземи өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында 16 миңге жакын сөздү камтыган «Байыркы кыргыз тилинин сөздүгү», ошондой эле Эл аралык Түрк академиясы тарабынан басылып чыккан «Түрк тилдеринин лингвистикалык терминдер сөздүгү», «Түрк тилдеринин эл аралык мамилелер жана дипломатия терминдеринин сөздүгү», «Түрк тилдеринин маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект терминдеринин сөздүгү» жана «Мезгил жалындагы ойлор» аттуу эмгектер коомчулукка тааныштырылды.
Бул басылмалар кыргыз тилинин тарыхый мурасын изилдөөгө, түрк тилдеринин терминологиялык фондун байытууга жана заманбап технологиялык түшүнүктөрдү улуттук тилде системалаштырууга багытталган.
Иш-чарада Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, академик Сыртбай Мусаев, КР УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова, КР УИАнын Тил илими институтунун директору Сымбат Садыкова, КР Президентинин Администрациясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар жана сөздүктөрдүн түзүүчүлөрү сөз сүйлөштү. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин атынан мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова катышты.
Аземдин жүрүшүндө байыркы кыргыз жазмасы тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, жаңы басылмалардын илимий жана практикалык мааниси талкууланды. Иш-чара кыргыз тилинин тарыхый мурасын сактоо жана өнүктүрүү багытындагы маанилүү аянтча болду.