Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өлкө аймагында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чара өткөрүлүүдө.
Аталган демилгенин алкагында 2026-жылдын 4-апрелинде «Go Green IHSM» экоклубу тарабынан клубдун активдүү мүчөлөрүнүн жана ЭАЖММдин студенттеринин катышуусунда ишембилик уюштурулду. Иш-чараны гуманитардык сабактар кафедрасынын улук окутуучусу, клубдун жетекчиси А. А. Ажибекова.
Ишембиликтин негизги максаты студенттер арасында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын өнүктүрүү жана экологиялык жоопкерчиликтүү адаттарды жайылтуу болду. Иш-чара Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери И. Р. Раззаковдун: «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген урааны менен коштолду.
Ишембилик учурунда катышуучулар ЭАЖММдин Клиникалык симуляциялык борборунун жанындагы токой-парк аймагын, ошондой эле Жаш Гвардия бульварынын айланасын тазалашты. Бардык иштер уюшкандыкта, ынтымакта жана жогорку активдүүлүк менен жүргүзүлдү.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда жыйынтыкталды. Аткарылган иштерден кийин катышуучулар бирге эс алышып, салтка айлангандай балмуздак менен сыйланышты. Бул күндүн жагымдуу жыйынтыгы жана командалык биримдиктин символу болду.
Өткөрүлгөн ишембилик Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга олуттуу салым кошуп, студенттер арасындагы командалык духту бекемдөөгө жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Катышуучулар «Go Green IHSM» экокыймылынын алкагында мындан ары да активдүү катышууга даяр экендиктерин билдиришти.
ЭАЖММ экологиялык кыймылды туруктуу түрдө колдоп, студенттерде айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга өзгөчө көңүл бурат. Бул баалуулуктар жана экологиялык тажрыйбалар Кыргызстанда гана эмес, студенттер келген өлкөлөрдө да жайылтылып, глобалдык экологиялык маданиятты жана туруктуу келечекти өнүктүрүүгө салым кошот.