Жаңылыктар
2026-06-25 15:44

«Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү

2026-жылдын 25-июнунда Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиевдин катышуусу менен «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жана КР УИАнын академик Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту тарабынан уюштурулду.

Конференцияга мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын, билим берүү уюмдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, тилчи-окумуштуулар, эксперттер жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинен мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова, эксперт-лингвист Д.А. Галиева жана гуманитардык сабактар кафедрасынын улук окутуучусу М.А. Кибраева катышышты.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук биримдикти бекемдөөдө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү экенин белгилеп, жазуу эрежелерин өркүндөтүү боюнча сунуштар илимий негизде жана коомдук талкуу аркылуу иштелип чыгышы керектигин айтты.

Ошондой эле КР УИАнын академиги Сыртбай Мусаев кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясынын долбоорун тааныштырып, сунушталган өзгөртүүлөрдүн илимий негиздерине токтолду. Ал эми Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Котормо борборунун директору Тамара Абылкасымова жаңы долбоор боюнча презентация жасап, колдонуудагы жана сунушталган орфографиялык эрежелерге салыштырмалуу талдоо жүргүздү.

Иш-чара мамлекеттик тилдин жазуу маданиятын өркүндөтүүгө жана орфографиялык эрежелерди заман талабына ылайык өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.
Жаңылыктар