Жаңылыктар

Адабият эл аралык аренада

2026-жылдын 17-апрелинде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин «Адабият» адабий клубу “NARXOZ MUN – 2026” эл аралык конференциясына ийгиликтүү катышты. Конференция Казакстандын Алматы шаарындагы Narxoz University базасында жогорку деңгээлде уюштурулуп, илимий жана практикалык мааниси чоң болду.

Бул манилүү иш-чарага 100дөн ашуун делегат, 5 комитет, ошондой эле Казахстан, Кыргызстан, Орусия, Афганистан, Бангладеш, Филиппины жана башка өлкөлөрдөн келген жаштар катышты. Конференция дипломатия, эл аралык кызматташтык, лидерлик жана глобалдык өз ара аракеттенүү маселелерине арналды.

Конференциянын салтанаттуу ачылышына Борбор Азия боюнча БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Махир Сафарли, БУУнун Глобалдык коммуникациялар департаментинин өкүлү жана Казакстандагы БУУнун маалымат кеңсесинин жетекчиси Властимил Самек, ошондой эле Kaz Youth Diplomacy уюмунун президенти Алибий Аяпбергенов катышты.

Бул конференцияда Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин атынан «Адабият» адабий клубунун президенти Шитлеш Ядав татыктуу өкүлчүлүк кылды. Ал Эл аралык соттун (ICJ) комитетинин ишине активдүү катышып, мамлекеттин өз аймагынан чыккан киберкылмыштар үчүн жоопкерчилиги аттуу актуалдуу эл аралык теманы терең талкуулады. Талкуунун жүрүшүндө ал өзүнүн аналитикалык ой жүгүртүүсүн, дипломатиялык көндүмдөрүн жана эл аралык укук жаатындагы билимин ийгиликтүү көрсөтө алды. Анын катышуусу окуу жайдын абройун жогорулатып, эл аралык деңгээлде татыктуу өкүлчүлүк кылгандыгын дагы бир жолу далилдеди. Жыйынтыгында ал иш-чаранын эң жогорку сыйлыктарынын бири болгон Best Delegate (Мыкты делегат) наамына ээ болду. Бул сыйлыкка 100дөн ашуун катышуучунун ичинен 5 делегат гана татыктуу болгон.

Бул жетишкендик Эл аралык Жогорку Медицина Мектеби жана «Адабият» адабий клубу үчүн маанилүү окуя болуп, студенттердин жогорку потенциалын жана эл аралык деңгээлде окуу жайдын намысын татыктуу коргой аларын дагы бир жолу далилдеди.

Студентти даярдоодо колдоо көрсөтүп, багыт берип, көмөк көрсөткөн насаатчылар Алымкулова Н.Н. жана Ажибекова Азиза Арстанбековнага терең ыраазычылык билдирилет.

Ошондой эле Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин ректору, м.и.д., профессор Ахунбаев С.А. окуу жайдын администрациясына жана ГПК Раджу өкүлчүлүгүндөгү индиялык жетекчиликке студенттик демилгелерди дайыма колдоп, таланттарды өнүктүрүүгө жана студенттердин жеке жана кесиптик өсүшүнө шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирилет.

Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу лидерлик сапаттарды, дипломатиялык ой жүгүртүүнү жана эл алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, бул сыяктуу конференциялар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, ар түрдүү маданияттар менен өз ара түшүнүшүүнү бекемдейт. Мындан тышкары, Эл аралык жогорку медицина мектебинин эл аралык аброюн чыңдоого, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана билим берүү тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Жаңылыктар Гуманитардык сабактар кафедрасы