2026-жылдын 10–12-июнь күндөрү Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ) өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Шэньян шаарында өткөн Belt and Road International Medical Education Alliance (BRIMEA) 2026 Кеңешинин жыйынына жана билим берүү конференциясына катышты.
ЭАЖММ делегациясын Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин ректору, профессор Стальбек Медерович Ахунбаев жетектеди. Делегациянын курамына ошондой эле Коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын доценти, медицина боюнча PhD Кенеш Орозбекович Джусупов жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу секторунун башчысы Мырзайым Юсуповна Кулова кирди.
Конференциянын алкагында профессор Стальбек Медерович Ахунбаев медициналык билим берүүдө жасалма интеллектти колдонууга арналган эки баяндама жасады: «Медициналык билим берүүдө жасалма интеллекттин типтүү колдонулушу жана натыйжалуу тажрыйбалары: концепциялар, моделдер жана өнүгүү келечеги» жана «Медициналык билим берүүгө жасалма интеллекттин терең таасири: концепциялар, моделдер жана өнүгүү келечеги». Баяндамаларда билим берүү процессине жасалма интеллект технологияларын интеграциялоонун заманбап ыкмалары, инновациялык окутуу моделдери жана санариптик трансформация шарттарындагы медициналык билим берүүнүн келечектеги багыттары сунушталды.
Конференцияга «Бир алкак — бир жол» демилгесине катышкан өлкөлөрдүн медициналык университеттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү чогулуп, медициналык билим берүүнүн келечеги, санариптик трансформация, жасалма интеллект жана эл аралык академиялык кызматташтык маселелерин талкуулашты.
Программанын алкагында ЭАЖММ өкүлдөрү BRIMEA Кеңешинин жыйынына, Университеттердин ректорлорунун эл аралык форумуна жана төмөнкү ураан алдында өткөн билим берүү конференциясына катышышты:
«Санариптик интеллект аркылуу баалуулуктарды жаратуу: медициналык билим берүүдөгү инновациялар аркылуу адистерди даярдоо».
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар медициналык билим берүү тармагындагы мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүп, медициналык кадрларды даярдоонун инновациялык ыкмаларын талкуулап, эл аралык академиялык жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
BRIMEA 2026 конференциясына катышуу ЭАЖММдин эл аралык өнөктөштүктү кеңейтүүгө, медициналык билим берүүдө инновацияларды өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги кызматташтыкты чыңдоого болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.