«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду
2026-жылдын 29-майында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде (ЭАЖММ) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга расмий кол коюу өттү.
Меморандумга «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна жана ЭАЖММдин ректору Ахунбаев Стальбек Медерович кол коюшту.
Кол коюлган Меморандум тараптардын эл аралык экзамендик программаларды уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы өз ара кызматташуусунун негизги багыттарын аныктайт, ошондой эле билимди баалоо системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын эл аралык тестирлөө программаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү карайт.
Меморандумдун алкагында кызматташтык «Кыргызтесттин» мамлекеттик тестирлөө борбору катары ишмердүүлүгүн гана эмес, ЭАЖММ тарабынан бекитилген эл аралык экзамендик программаларды уюштурууну жана өткөрүүнү да камтыйт. Бул эл аралык экзамендерди өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана алардын студенттер менен адистер үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Тараптар ошондой эле тестирлөөнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү, ошондой эле экзамендик процедуралардын ачыктыгын жана купуялуулугун камсыздоо багыттарында өз ара аракеттенүү боюнча макулдашышты.
Меморандумга кол коюу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланууга багытталган билим берүү жана мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болду.