Жаңылыктар
2026-06-16 08:27

ЭАЖММдин Ысык-Көл кампусунда Кыргызтесттин өкүлдөрү менен жолугушуу

ЭАЖЖМдин Ысык-Көл кампусунда Кыргызтесттин директору Батма Болоталиевнанын жетекчилигиндеги өкүлдөр менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго Кыргызтесттин ишмердүүлүгү, анын негизги максаттары, ошондой эле мамлекеттик тилди үйрөнүү жана билүү деңгээлин баалоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун кыргыз тилин жайылтууга багытталган программалардын жана ресурстардын презентациясы жаратты.

Кампустун жамааты Батма Болоталиевнага жана Кыргызтесттин өкүлдөрүнө мазмундуу диалог, берилген пайдалуу маалыматтар жана кыргыз тилин үйрөнүү боюнча усулдук колдонмолор түрүндөгү баалуу белек үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Алынган материалдар окутуучулар менен студенттер үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүү жана өркүндөтүү процессинде натыйжалуу колдоо болот деп ишенебиз.
Жаңылыктар