Жаңылыктар

Табигый илимдерге кыргыз тилинде саякат

2025-жылдын 24-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын конгресс-залында Кыргызстандын медициналык ЖОЖдорунда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында «Табигый илимдерге кыргыз тилинде саякат» аттуу эл аралык таймаш өтөт.

Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналат.

Таймаштын уюштуруучулары – И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ).

Таймашка Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык окуу жайларында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер катышат. Жалпы 4 команда, ар биринде 8 студент болот.

Программа төмөнкү этаптарды камтыйт:
  • окуу жайды тааныштыруу
  • команданы тааныштыруу
  • сүрөттөр аркылуу терминдерди табуу
  • кроссворд толтуруу
  • ошондой эле ар бир команданын көркөм өз алдынча номери көрсөтүлөт.

Таймаштын максаты – мамлекеттик тилди медицина аркылуу жайылтуу, студенттердин кыргыз тилиндеги табигый илимдер боюнча билимин тереңдетүү, эл аралык достукту бекемдөө жана улуттук баалуулуктарды таанытуу.

Таймаш кыргыз жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Катышуучуларды кызыктуу тапшырмалар, ачык добуш берүү менен баалоо жана баалуу сыйлыктар күтөт. Баш байге – Өтмө кубок. Жеңүүчү болгон ЖОЖ кийинки жылы таймашты өткөрүү эстафетасын улантат.
Иш-чаралар