2025-жылдын 18-ноябрында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде PhD докторантурасынын бүтүрүүчүсү, ЭАЖММдин пропедтерапия жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасынын ассистенти Хуссаин Сайед Азфардын 561000 «Коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина» багыты боюнча « Кыргызстандагы жүрөк-кан тамыр ооруларынын этникалык жана социалдык детерминанттары: коркунуч факторлорун баалоо жана оорулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу» аттуу диссертациясынын алдын ала коргоосу өткөрүлдү.
Алдын ала коргоо гибриддик форматта өтүп, РФ биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин №2 терапия кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Ибрагим Самижонович Сабиров төрагалык кылды.
Өзүнүн баяндамасында Хуссаин Сайед Азфар Кыргызстандагы ар кандай этникалык жана социалдык топтордо жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунуч факторлорун изилдөөнүн жыйынтыктарын сунуштады. Калыстар тобунун мүчөлөрү диссертациянын тексти менен кылдат таанышып, эксперттик пикирлерди жана рецензияларды талкуулашты.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча диссертация бир добуштан философия доктору (PhD) илимий даражасын алуу үчүн кийинки коргоого сунушталды.
ЭАЖММ Хуссаин Сайед Азфарды ушул маанилүү этаптын ийгиликтүү өтүшү менен кутуктайт жана акыркы коргоодо ийгилик каалайт.