Жаңылыктар

Open Day – 2026

2026-жылдын 24-апрелинде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) гуманитардык сабактар кафедрасы ата-энелер жана студенттердин жакындары үчүн уюштурулган ири масштабдагы “Open Day – 2026” иш-чарасына активдүү катышып, эшигин кубаныч менен ачты.

Иш-чара «Таланттар» арт-клубу тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен башталды. Конокторго шаңдуу бийлер, музыкалык номерлер жана катышуучулардын чын жүрөктөн чыккан эмоциялары тартууланып, чыныгы майрамдык маанай түзүлдү. Иш-чаранын алып баруучусу болуп «Адабият» адабий клубунун президенти Шитлеш Ядав көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.

Программанын экинчи бөлүгүндө коноктор ЭАЖММдин “Жашыл” жана санариптик кеңсесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап окуу аудиторияларын көрүшүп, гуманитардык сабактар кафедрасынын окутуучулары менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Өзгөчө кызыгууну кафедранын түзүлгөн күнүнөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүү тарыхын чагылдырган сүрөттөр жаратты.

Күндүн эң негизги бөлүгү Кыргызстан, Орусия жана Индия элдерине арналган маданий көргөзмө болду. Аны окутуучулар «Таланттар» арт-клубунун мүчөлөрү менен биргеликте даярдашкан. Көргөзмөгө салттуу кыргыз кийимдери, улуттук баш кийимдер, элдик оюндардын элементтери, ошондой эле студенттердин сүрөттөрү жана кол өнөрчүлүк эмгектери коюлду. Бул иш-чара конокторго Кыргызстандын бай маданий мурасы менен жакындан таанышууга жана студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн баалоого шарт түздү.

“Open Day – 2026” жылуу, жагымдуу жана майрамдык маанайда өтүп, кафедра, студенттер жана алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого жакшы мүмкүнчүлүк болду.
Жаңылыктар Гуманитардык сабактар кафедрасы