2026-жылдын 2-июнунда Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) өкүлдөрү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн Erasmus+ GREENKG «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер»аттуу долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясына катышты.
Конференция Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрүн, Кыргызстандагы Erasmus+ Улуттук кеңсесин, Кыргызстандын жана Европанын өнөктөш жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүн, ошондой эле туруктуу өнүгүү, санариптик трансформациялоо жана жогорку билим берүү жаатындагы эксперттерди бириктирди.
Конференциянын ачылышында ЭАЖММдин ректору Стальбек Медерович Ахунбаев сөз сүйлөп, заманбап жогорку билим берүүдө жашыл жана санариптик ыкмаларды киргизүүнүн маанисин, ошондой эле эл аралык академиялык кызматташууну чыңдоонун зарылдыгын белгиледи.
Конференциянын алкагында ЭАЖММдин эл аралык байланыштар боюнча проректору, PhD, долбоордун координатору Айназик Маматисаевна Омурзакова Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде Erasmus+ GREENKG долбоорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктарын тааныштырды. Ошондой эле долбоордун алкагында сапатты камсыздоо маселелери боюнча ЭАЖММдин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Махабат Керимбековна Карагулова баяндама жасады.
Конференцияга катышуу ЭАЖММдин туруктуу жана санариптик жогорку билим берүүнү өнүктүрүүгө, эл аралык билим берүү демилгелерин ишке ашырууга жана академиялык коомчулукта экологиялык жоопкерчилик принциптерин жайылтууга кошкон активдүү салымын көрсөттү.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби эл аралык кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүнү, инновацияларды колдоону жана билим берүү менен илимий ишмердүүлүккө заманбап ыкмаларды киргизүүнү улантууда.