ЭАЖММ эмчек безинин жана тери рагынын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 24-октябрында ЭАЖММ эмчек безинин жана тери рагынын алдын алуу, бул оорулар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, аларды эрте аныктоо жана өз убагында медициналык жардамга кайрылуунун маанилүүлүгүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эмчек безинин жана тери рагынын алгачкы белгилерин таанууга өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер онкологиялык оорулардын алдын алуу, ден соолукка кам көрүү жана үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүү зарылдыгы тууралуу маалымат алышты.
Иш-чаранын алкагында тематикалык викторина уюштурулуп, студенттер өз билимдерин текшерип, талкууланган темалар боюнча түшүнүктөрүн бекемдешти.