2026-жылдын 23–24-март күндөрү ЭАЖММде дүйнөлүк ачык булак — «Википедия» энциклопедиясынын негизделгенинин 25 жылдык мааракесине карата жана «Википедияга» макалаларды редакциялоо жана жүктөө боюнча тренинг өткөрүлдү.
Тренинг ЭАЖММдин мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлери үчүн уюштурулуп, «Википедия» платформасы менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталды.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар энциклопедиялык макалаларды жазуунун негизги принциптерин, булактарга коюлуучу талаптарды, ошондой эле кыргыз тилинде материалдарды редакциялоо жана жарыялоо эрежелерин өздөштүрүштү.
2026-жылдын 24-мартында тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталып, бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн тастыктамалар тапшырылды.
Мындан тышкары, ЭАЖММ ректору С.М. Ахунбаев тренингди жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Хабибуллаев Элбек Бахтияровичке ЭАЖММдин Ыраазычылык кат жана университеттин бренд өндүрүмдөрүн тапшырды.
Бул иш-чара мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, кыргыз тилиндеги сапаттуу контенттин көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле адистердин санариптик компетентүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.