Жаңылыктар
2026-04-16 10:42

Мамлекеттик тилдеги окуу китептеринин бет ачары

2026-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинде жогорку окуу жайлар үчүн мамлекеттик тилде жарык көргөн окуу китептеринин бет ачары өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Бет ачарга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, жогорку окуу жайлардын проректорлору, окуу китептердин авторлору, ошондой эле ЭАЖММдин атынан иш-чарага мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова, декандын орун басары

Ж.К. Мукамбетова жана «Sensation» студенттик тобунун таланттуу студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Химия», «Физика», «Кыргыз адабияты», «Медициналык паразитология», «Медициналык генетика», «Кинооператорлук чеберчилик», «Электр машиналары», «Бажы төлөмдөрү», «Электроника» жана башка багыттар боюнча даярдалган окуу китептер тааныштырылды.

Мамлекеттик тилде даярдалган сапаттуу окуу китептер билим берүүнүн негизги таянычы болуп саналат. Аталган эмгектерди кеңири колдонуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Мамлекеттик тилди урматтоо жана аны билим берүү системасында бекем жайылтуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет.

Иш-чаранын жыйынтыгында окуу китептердин нускалары авторлорго жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө андан ары билим берүү процессинде колдонуу үчүн салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Жаңылыктар