Жаңылыктар
2026-02-20 11:59

«Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу республикалык фестиваль болуп өттү

2026-жылдын 20-февралында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган жана ЭАЖММ автордук укук алган III «Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу республикалык фестиваль жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулду.

Фестивалдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы А. К. Койчиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Г.Т. Исаматова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М. К. Мураталиев, Индия, Кытай элчиликтери, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жетекчилери, окутуучулар, студенттер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын негизги максаты – чет өлкөлүк студенттердин арасында кыргыз тилин, улуттук маданиятты жана көркөм мурастарды жайылтуу, маданий диалогду өнүктүрүү.

Фестивалдын сынактык бөлүгүндө республикадагы 10 жогорку окуу жайдан келген командалар катышып, университетти тааныштыруу-саламдашуу, кыргыз улуттук ырларын аткаруу жана улуттук бий өнөрүн көрсөтүү боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Калыстар тобунун баалоосу менен мыкты аткаруулар аныкталып, жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бул фестиваль кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатууга, маданият аралык байланышты чыңдоого жана чет өлкөлүк студенттердин кыргыз маданиятына болгон кызыгуусун арттырууга олуттуу салым кошту.

Биздин студенттер университетти кыргыз тилинде так, юмор аралаштырып ачып беришти. 2-номер боюнча «Жоролор» аттуу кыргыз ырын Сумедх Петкар, Тушар Джаин жогорку деңгээлде аткарышты. 3-номерде 10 студенттен турган командадан турган “Кыз куумай” бийи көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, фестивалга өзгөчө көрк беришти.

Сынактын жыйынтыгы менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби 1-орунду багындырышты.

Фестивалда биздин студенттерди түздөн-түз даярдаган адистерге, колдоо көрсөткөн жетекчиликке, жамаатка терең ыраазычылык айтабыз!

Ийгилик кут болсун!
Жаңылыктар