Эл Аралык Жогорку Медицина Мектеби (ЭАЖММ) Индияда медициналык ишмердүүлүк жүргүзүү укугун алуу үчүн чет өлкөлүк медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү тапшыруучу милдеттүү лицензиялык экзамен — Foreign Medical Graduate Examination (FMGE) боюнча жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүнү улантууда.
2023–2025-жылдар аралыгында FMGE экзаменине ЭАЖММдин 3 228 бүтүрүүчүсү катышып, алардын 1 283ү экзаменди биринчи аракетте ийгиликтүү тапшырышкан.
Жылдар боюнча FMGE жыйынтыктары:
Үч жылдык мезгил боюнча жалпы ийгиликтүүлүк көрсөткүчү 40%ды түзүп, бул ЭАЖММ бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана окуу жайдын академиялык сапатка болгон умтулуусун тастыктайт.
Бул жыйынтыктар ЭАЖММдин билим берүү программаларынын натыйжалуулугун жана келечектеги дарыгерлерди эл аралык лицензиялык экзамендерге жана кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо боюнча жүргүзүп жаткан үзүрлүү ишин дагы бир жолу далилдейт.

- 2023-жыл: 1 209 катышуучу, 470 ийгиликтүү тапшырган (38,89%)
- 2024-жыл: 1 307 катышуучу, 448 ийгиликтүү тапшырган (34,28%)
- 2025-жыл: 712 катышуучу, 365 ийгиликтүү тапшырган (59,3%)