ЭАЖММ өкүлдөрү D-TIDE-KG долбоорунун алкагында Вильнюс университетиндеги Study Tour программасына катышууда
2026-жылдын 24–30-май күндөрү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭЖММ) өкүлдөрү Европалык Биримдиктин Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан D-TIDE-KG — “Digital Transformation for Inclusive Doctoral Education in Kyrgyzstan” долбоорунун алкагында Литвадагы Вильнюс университетинде өтүп жаткан эл аралык Study Tour жана окутуу семинарларына катышууда.
ЭАЖММ D-TIDE-KG долбоорунун координатору жана грантхолдери болуп саналат. Долбоордун негизги максаты — докторлук билим берүү системасын санариптештирүү, PhD программаларына заманбап санариптик чечимдерди киргизүү жана Кыргыз Республикасында инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү.
Программанын алкагында биринчи күнү Вильнюс университетинин Faculty of Economics and Business Administration базасында иш-чаранын расмий ачылышы болуп өттү. Экономика жана бизнес факультетинин деканы, профессор Айда Мачеринскене жана D-TIDE-KG долбоорунун башчысы, доцент, доктор Кенеш Джусупов (Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебин өкүлү) куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөштү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле европалык өнөктөш уюмдар катышууда.
Иш сапардын программасы төмөнкүлөрдү камтыйт: • PhD-билим берүүнү санариптештирүү маселелерин талкуулоо; • илимий изилдөөлөр жана билим берүү процесстерин башкаруу жаатындагы эл аралык тажрыйба алмашуу; • Вильнюс университетинин санариптик башкаруу, аккредитациялоо жана сапатты камсыздоо чөйрөсүндөгү мыкты тажрыйбаларын үйрөнүү; • Вильнюс университетинин илимий жана санариптик лабораторияларына баруу; • доктордук билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек столдорду жана эксперттик талкууларды өткөрүү.
Окутуу программасынын жыйынтыгында катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды.
Эл аралык D-TIDE-KG долбоорунда ЭАЖММдин катышуусу академиялык кызматташтыкты чыңдоого, илимий мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында доктордук билим берүү системасын модернизациялоого өбөлгө түзөт.