2026-жылдын 20-февралында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган жана ЭАЖММ автордук укук алган III «Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу республикалык фестиваль ийгиликтүү өттү.
ЭАЖММде таланттуу студенттерден куралган “Сенсэйшн” тобунан Сумедх Петкар, Тушар Джаин, Дипанкар Какде, Варад Каторе, Прити Патил, Шивмала Шивлинг Дубуквад, Вивек Джадхав, Дия Джаин, Шрути Санкхиан, Адития Пармар, Гит Джаин катышышты. Жогорудагы студенттерибиз фестивалдын талабы боюнча номерлерди кыргыз тилинде, кыргыз духунда мыкты аткарышты. Жыйынтыгында 1-орунду багындырышты.
ЭАЖММдин ректору С.М. Ахунбаев фестивалды уюштуруу, даярдоо боюнча иш алып барган жамаат жана студенттер менен жолугушуп, жеке ыраазычылыгын билдирди. Келечектеги максаттар боюнча ой бөлүштү.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын жана академик К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ыраазычылыктарын, белектерин расмий тапшырды. Ыраазычылык кат менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби жана ректор С.М. Ахунбаев, ИИжМТТС боюнча проректор О.Ж. Узаков, декандын орун басары Ж.К.Мукамбетова, МТжТСБ башчысы Р.Ж. Зайыркулова, адис Д.А. Галиева, ЭАББ адиси М.Б. Сагынбаевалар сыйланышты.
IV “Кыргыз ырлары чет элдик студенттердин аткаруусунда” аттуу республикалык фестивалдын Өтмө кубогу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына расмий тапшырылды. Ийгилик каалайбыз!
Кыргыз тили, кыргыз ырлары, кыргыз бийлери чет элдик студенттер арасында колдонуп, сүйлөнүп, дүйнөгө тааныла берсин урматтуу замандаштар!
Фестивалда биздин студенттерди түздөн-түз даярдаган адистерге, колдоо көрсөткөн жетекчиликке, жамаатка терең ыраазычылык айтабыз!
Ийгилик кут болсун!