Жаңылыктар

«Табигый илимдерге кыргыз тилинде саякат» аттуу эл аралык таймаш долбооруна патент алуу»

«Табигый илимдерге кыргыз тилинде саякат» аттуу эл аралык таймаш баштапкы этапта Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын деңгээлинде иштелип чыгып, өткөрүлгөн. Бул иш-чара мамлекеттик тилди жайылтуу жана медициналык табигый илимдерди кыргыз тилинде окутууда терминологияны колдонуу багытында жүргүзүлгөн. Кафедралык этаптын жыйынтыгы боюнча долбоор жогорку баага ээ болуп, аны ЖОЖдор аралык деңгээлде өткөрүү сунушталган.

Таймаш Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) жана И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Кыргызстандын башка жогорку окуу жайларынын катышуусунда биргелешкен форматта уюштурулду. Иш-чара ар кандай медициналык жогорку окуу жайларынын студенттерин бириктирип, алардын тил жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган жалпы билим берүү аянтчасын түздү.

Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында долбоорго автордук укук (патент) алынды, бул анын илимий жаңылыгын, практикалык маанисин жана уникалдуулугун тастыктайт. Долбоор кыргыз тилиндеги терминологиялык базаны кеңейтүүгө жана студенттердин, анын ичинде чет элдик студенттердин, мамлекеттик тилге кызыгуусун жогорулатууга багытталган. Анын алкагында биология, физика жана химия боюнча методикалык материалдар, интерактивдүү тапшырмалар жана конкурс форматтары иштелип чыккан.

2025-жылдын 19-майында таймаш Ректордун 2025-жылдын 9-апрелиндеги №71 буйругуна ылайык, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен биргелешип өткөрүлдү. Таймаш беш конкурстук турдан түзүлүп, катышуучулар теориялык даярдыгын, тилдик компетенциясын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

Эл аралык таймаштын жыйынтыгы боюнча долбоорго алынган патент мамлекеттик тилди жогорку билим берүүдө өнүктүрүүгө, медициналык табигый илимдерди кыргыз тилинде окутууну кеңейтүүгө жана студенттердин тилдик компетенттүүлүгүн жогорулатууга салым кошот.

Долбоордун авторлору: Илимий, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору, медицина илимдеринин доктору, профессор О.Ж. Узаков; Г.И. Жунушалиева; Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова; Э.К. Абдрасулова; Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын башчысы Ч.С. Исмаилова; Декандын орун басары Ж.К. Мукамбетова; Ч. Б. Айдыралиева; А.М. Байджуранова белгилешкендей, долбоор масштабда колдонууга ылайыктуу жана жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди интеграциялоонун эффективдүү модель катары пайдаланылышы мүмкүн.
Жаңылыктар