Жаңылыктар
2026-04-22 10:17

SATREPS долбоорунун алкагында Токиого сапар

2026-жылдын 21–22-апрелинде Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) делегациясы коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, доцент Жусупов К.О., м.и.к., профессор Шаршенова А.А., м.и.д., ошондой эле окутуучу Дүйшөнкулова М.К.нын жетекчилиги алдында SATREPS долбоорунун алкагында Япониядагы Токио Илим институтуна иш сапары менен барды.

21-апрелде биомедициналык инженерия боюнча вице-президент, техникалык дизайн жана Медициналык инновациялар борборунун профессору Коджи Фудзита менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Ал институттун концепциясын жана негизги ишмердүүлүк багыттарын тааныштырды. Доктор Рё Сато ЭАЖММдин өкүлдөрүн институттун түзүмү жана бөлүмдөрү менен тааныштырды.

Иш сапардын алкагында делегация университеттик клиникага да барып, медициналык жардам көрсөтүүнүн уюштурулушу, оорукананын түзүмү жана алдыңкы технологиялардын, анын ичинде бейтаптарды мониторингдөө системаларынын жана санариптик медициналык чечимдердин колдонулушу менен таанышты.

22-апрелде профессор Нава Нобутоси, PhD-студент Асанбек кызы Айпери жана ЭАЖММдин командасы SATREPS долбоорунун кийинки этаптарын талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө атмосфералык жана ички абанын сапатын баалоо ыкмалары, маалыматтарды чогултуу (талаа жана спутниктик), мониторинг жана аналитика куралдары, ошондой эле мындан аркы кызматташуу кадамдары каралды.

Япония жана Кыргыз Республикасынын долбоор катышуучуларынын жолугушуусу SATREPS демилгесин ийгиликтүү ишке ашырууга карай маанилүү кадам болду.

Жаңылыктар Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы