2026-жылдын 23–24-март күндөрү ЭАЖММде дүйнөлүк ачык булак — «Википедия» энциклопедиясынын негизделгенинин 25 жылдык мааракесине карата жана «Википедияга» макалаларды редакциялоо жана жүктөө боюнча тренинг өткөрүлүүдө.
Иш-чара ЭАЖММдин мамлекеттик тилге жооптуу кызматкерлерине багытталып, катышуучуларга Википедияга макалаларды редакциялоо жана жүктөө боюнча негизги практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүнү максат кылат.
Тренинг МТжТСБ башчысы Зайыркулова Рима Женишовнанын алгы сөзү менен башталды.
«Википедия» ачык энциклопедиясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу Энциклопедия жана терминология борборунун директору Осмоналиев Темирбек Өзгөрүшович маалымат берди;
«Википедияны» мамлекеттик деңгээлде колдонуу боюнча негизги кадамдар тууралуу тил саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Орозов Асылбек Кудайбердиевич маалымат берди;
Кыргыз Википедиясынын координатору Элбек Бахтиярович Хабибуллаев катышуучуларга макалаларды оңдоо жана жүктөө боюнча практикалык сабак өткөрүүдө.
Аталган тренинг мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, кыргыз тилиндеги сапаттуу маалыматтык контентти көбөйтүүгө жана санариптик билим берүү чөйрөсүндө адистердин компетүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.