Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү кыргыз тилин үйрөнүү үчүн баштапкы деңгээлден жогорку деңгээлге чейин кеңири курстарды сунуштайт. Бул курстар коммуникативдик көндүмдөрдү калыптандырууга, оозеки жана жазуусун өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Сунушталган курстардын тизмеси:
1.Алиса Исабаеванын автордук кыргыз тили курсу
2.Виктория Кринвальддын «Кыргыз тили» автордук курсу
3.Гүлмира Дюшееванын «Тил Club» автордук курсу
4.«Прогресс» окуу борбору
5.«Эклектика» билим берүү борбору
6.«Марказ Мурас» тил мектеби
7.Периза Сурантайдын тил борбору
8.Эльмира Каримованын тил борбору
9.БААУ кошумча билим берүү борбору
10. «Домашка Help» репетиторлор клубу
Окутуу ар кандай форматта (онлайн жана офлайн) жүргүзүлөт, бул ар бир каалоочуга өзүнө ыңгайлуу ыкманы тандап, тилди өз деңгээлине жараша өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, өз алдынча окуу үчүн КРнын «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан чыгарылган «Кыргызча сүйлөшөбүз» аттуу окуу-методикалык колдонмо сунушталат. Ал баштапкы деңгээлдеги үйрөнүүчүлөр үчүн арналган.
«Кыргызча сүйлөшөбүз» — бул 2024-жылы «Кыргызтест» мекемеси тарабынан чыгарылган, кыргыз тилин баштапкы (А1) деңгээлде үйрөнүүгө багытталган окуу-методикалык колдонмо. Бул колдонмо кыска мөөнөттүү курстар аркылуу сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана тилди жаңыдан үйрөнүп жаткандар үчүн практикалык курал болуп саналат.
Студенттер жана бардык каалоочулар үчүн “Easy Kyrgyz” электрондук тиркемеси жеткиликтүү. Бул тиркеме кыргыз тилин орус же англис тилдери аркылуу үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Анда негизги сөздөр, грамматикалык темалар, көнүгүүлөр жана интерактивдүү тапшырмалар камтылган, бул окуу процессин жеңил жана жеткиликтүү кылат. “Easy Kyrgyz” — кыргыз тилин каалаган убакта үйрөнүүгө ыңгайлуу жардамчы.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү бардык каалоочуларды окууга катышууга жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жайылтууга салым кошууга чакырат.