ЭАЖММ Дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү
2026-жылдын 10-октябрында ЭАЖММ Дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара № 102 лекциялык залда өтүп, ага 1-семестрден 10-семестрге чейинки 77 студент катышты.
Иш-чаранын негизги максаты студенттердин психикалык ден соолуктун мааниси жана буллингдин жана харассменттин алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле студенттик чөйрөдө өз ара урматтоо, колдоо көрсөтүү жана коопсуз баарлашуу маданиятын калыптандыруу болду.
Иш-чаранын программасына студенттердин презентациялары, тематикалык плакаттар конкурсу жана онлайн-викторина кирди. Программанын өзүнчө бөлүгү буллингдин жана харассменттин алдын алууга, ошондой эле коопсуз жана жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө арналды.
Иш-чаранын алкагында төрт конкурс өткөрүлдү. Конкурстардын жыйынтыгы боюнча төмөнкү студенттер жеңүүчүлөр деп табылды:
1. Психикалык ден соолук күнүнө арналган плакаттар конкурсу
1-орун — Прадхан Судип
2-орун — Сингха Соудип
2. Онлайн-викторина (Quiz Competition)
1-орун — Сингха Соудип
2-орун — Даршан Ратход
3-орун — Дутта Суман
3. Презентациялар конкурсу
1-орун — Прадхан Судип жана Дутта Суман
2-орун — Сиддик Мд. Сирадж
4. Буллингге жана харассментке каршы плакаттар конкурсу
1-орун — Кодавала Садекабану Мохаммад Аюб
2-орун — Прадхан Судип
Калыстар тобунун курамына Молдоева .Б.Д., Исмаилов М.У., Мыкытбекова Ж.,Мамбетова С.Р, Ринат к М. болду.