Жаңылыктар
2026-06-09 10:30

ЭАЖММде Erasmus+ D-TIDE-KG долбоорунун алкагында сапатты камсыздоо боюнча тренинг өткөрүлдү

2026-жылдын 8–9-июнунда Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) базасында Erasmus+ CBHE D-TIDE-KG – «Кыргызстандагы инклюзивдүү докторлук билим берүүнү санариптик трансформациялоо» долбоорунун алкагында сапатты камсыздоо жана долбоорго мониторинг жүргүзүү боюнча эки күндүк тренинг өткөрүлдү.

ЭАЖММ - D-TIDE-KG долбоорунун координатору жана грантхолдери болуп саналат. Долбоор Кыргызстандагы докторлук билим берүүнү модернизациялоого, санариптик технологияларды киргизүүгө жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө багытталган. Тренингди долбоордун сапат боюнча тышкы эксперти Венера Омуралиева өткөрдү. Иш-чарага D-TIDE-KG консорциумуна кирген өнөктөш университеттердин сапат боюнча 20га жакын эксперти катышты.

Тренингдин жүрүшүндө Erasmus+ долбоорлорунда сапатты камсыздоо, жыйынтыктарга негизделген мониторинг жүргүзүү, отчеттуулукту даярдоо жана ички сапатты камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери каралды. Ошондой эле долбоордун жетишкендиктерине анализ жүргүзүү, көрсөткүчтөрдү баалоо жана кийинки этаптагы иш-чараларды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингди өткөрүү тажрыйба алмашуу, өнөктөш университеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана Кыргызстандагы инклюзивдүү докторлук билим берүүнү өнүктүрүүгө жана санариптик трансформациялоого багытталган D-TIDE-KG долбоорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Жаңылыктар