Эл аралык студенттик эко-конференция ERASMUS+ GREEN KG долбоорунун алкагында «Green Future Forum»
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) «Go Green IHSM» студенттик эко-клубу менен биргеликте студенттерди «Green Future Forum» аттуу Эл аралык студенттик эко-конференцияга катышууга чакырат.
Конференция туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерине, экологиялык жоопкерчиликке, экологиялык маданиятка жана билим берүү чөйрөсүндө «жашыл» демилгелерди ишке ашырууга арналган.
Иш-чара ошондой эле жыл сайын 22-апрелде дүйнө жүзү боюнча белгиленген Жер күнүнө арналган жана айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле туруктуу келечек үчүн биргелешкен аракеттерди баса белгилейт.
Конференция ERASMUS+ GREEN KG долбоорунун алкагында уюштурулууда:
Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санарип университеттер / Erasmus-EDU-2023-CBHE Project 101126755 - GREENKG.
Конференциянын максаты Бул форум студенттер үчүн идея алмашуу, илимий изилдөөлөрдү жана практикалык демилгелерди сунуштоо, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана экологиялык аң-сезим жаатындагы мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү үчүн эл аралык аянтча түзүүгө багытталган.
Конференциянын багыттары
Жаштар лидерлиги жана экологиялык демилгелер
Туруктуу кампус жана калдыктарды башкаруу стратегиялары
Климаттын өзгөрүшү жана глобалдык экологиялык коркунучтар
Айлана-чөйрө, коомдук саламаттык жана «жашыл» саламаттык сактоо
Туруктуу жашоо образы, маданият жана билим берүү
Практикалык «жашыл» аракеттер жана кампусту трансформациялоо
Катышуу шарттары Экология жана туруктуу өнүгүү маселелерине кызыккан студенттер катышууга чакырылат.
Формат: офлайн
Иш жүргүзүү тили: англис тили
Ар бир университеттен делегация: 2 студент
Коштоочу: 1 окутуучу
Ар бир катышуучу 5–7 мүнөттүк презентация жасоого тийиш
Конференциянын маалыматы Дата: 22-апрель 2026-жыл Башталышы: саат 10:00
📍 Өтчү жери: Клиникалык симуляциялык борбор Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби Лев Толстой көчөсү 17А/3, 3-кабат Бишкек ш., Кыргыз Республикасы
Каттоо Каттоонун акыркы мөөнөтү: 12-апрель 2026-жыл