ЭАЖММде насаатчылык программасына арналган жолугушуу өттү
2026-жылдын 22-октябрында Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинде студенттерди колдоо системасын өнүктүрүүгө жана ар түрдүү курстардагы студенттердин өз ара байланышын бекемдөөгө багытталган насаатчылык программасына арналган жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага программага катышууга кызыкдар болгон экинчи семестрдин жана жогорку курстардын жалпы 53 студенти катышты.
Жолугушууда ЭАЖММдин деканы А. А. Камчыбекова жана Индия менеджментинин өкүлү Раджу ГПК куттуктоо сөздөрү менен чыгып, студенттердин суроолоруна жооп беришти, алардын пикирлерин жана сунуштарын угушту, ошондой эле программаны ишке ашырууга байланыштуу күтүүлөрдү талкуулашты.
Программанын куратору Б. Шербекова насаатчылык программасынын негизги максаттары жана милдеттери, насаатчылар менен насаат алуучулардын ролдору, ошондой эле программаны ишке ашыруунун негизги этаптары тууралуу маалымат берди.
Жолугушуу студенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Көптөгөн катышуучулар программага насаатчы же насаат алуучу катары катышууга каалоосун билдиришти.
Кийинки этапта катышуучулардын тизмесин түзүү, программаны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу жана насаатчылар менен насаат алуучулардын алгачкы жолугушууларын уюштуруу пландаштырылууда.
Насаатчылык программасы студенттердин өз ара колдоосун күчөтүүгө, билим жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле алардын академиялык, кесиптик жана инсандык өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.