Санариптештирүүнүн ылдам өнүгүшү жана иш кагаз жүгүртүүнүн сапатына коюлган талаптардын өсүшү шартында, котормо чөйрөсүндө заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда.
Иш кагаздарын которуунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында АЙТИЛ платформасын (https://aitil.kg/) ChatGPT, Google Translate, Яндекс Переводчик сыяктуу заманбап котормо куралдары жана электрондук сөздүктөр (эл сөздүк) менен биргеликте колдонуу сунушталат.
Бул комплекстүү ыкма төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
документтерди которуу процессин кыйла ылдамдатууга;
терминологиянын тактыгын жана бирдейлигин жогорулатууга;
кызматкерлердин жүгүн азайтууга;
котормонун сапатын көзөмөлдөөнүн жогорку деңгээлин камсыздоого.
Жалпысынан алганда, бул ыкма котормонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле санариптик трансформация шарттарында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аны иш кагаздарын жүргүзүүдө туура колдонууга өбөлгө түзөт.