“Манас жана Махабхарата” эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борбору ачылды жана “Манас” эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосунун бет ачары өттү
Манас академиясы тарабындагы "Манас жана Махабхарата" эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылышы жана кыргыз элинин мурасы болгон "Манас" эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосунун бет ачары болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилиги жана Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, ага мамлекеттик жетекчилер, Индиянын расмий делегациясы, окумуштуулар, дипломаттар, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, манас таануучулар жана студенттер катышты.
ЭАЖММден мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы
Р.Ж. Зайыркулова, атайын клиникалык сабактар кафедрасынан А.М. Орозалиева, эксперт-лингвсти Д.А. Галиева жана гуманитардык сабактар кафедрасынан улук окутуучусу
Жаңы түзүлгөн борбор Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого, «Манас» жана «Махабхарата» эпосторун, ошондой эле Евразиянын маданий мурастарын комплекстүү изилдөөгө багытталган. Борбор салыштырма цивилизациялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык илимий кызматташтыкты жана жаш окумуштууларды даярдоону өнүктүрүүнү көздөйт.
Иш-чаранын негизги окуясы катары «Манас» эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосу тааныштырылды. Котормо индиялык окумуштуулар профессор Хем Чандра Панде жана профессор Рамакант Двиведи тарабынан Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баянынын негизинде даярдалып, «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» эпосторун камтыйт.
Салтанатка Индия Республикасынын расмий делегациясы катышып, анын курамында RSS уюмунун Улуттук аткаруу комитетинин мүчөсү жана жалпы Индия боюнча медиа жана коммуникациялар боюнча жетекчиси, делегациянын башчысы Сунил Амбекар, Эл аралык мамилелерди изилдөө борборунун (CSIR) ардактуу директору, Дүйнөлүк иштер боюнча Индия кеңешинин (ICWA) эксперти доктор Пунил Гаур, India–Central Asia Foundation (ICAF) уюмунун жетекчиси, MERI Centre for International Studies борборунун директору жана «Манас» эпосунун хинди тилиндеги котормочусу доктор, профессор Рамакант Двиведи, ошондой эле белгилүү индиялык лингвист, котормочу, Жавахарлал Неру университетинин Орус тили жана адабияты борборунун мурдагы жетекчиси доктор, профессор Хем Чандра Панде болду.
«Манас–Махабхарата» Эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун «Манас жана Махабхарата» борборунун эл аралык изилдөөчүлөр тармагына ЭАЖММден мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова,атайын клиникалык сабактар кафедрасынан А.М. Орозалиева, эксперт-лингвсти Д.А. Галиева кошулушту.
Иш-чара Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы маданий жана илимий кызматташтыкты чыңдоого, эки элдин эпикалык мурастарын эл аралык деңгээлде жайылтууга жана гуманитардык дипломатияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү кадам болду.