ЭАЖММде миграциялык мыйзамдарды сактоо боюнча жолугушуу өттү
Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарына ылайык Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде (ЭАЖММ) 8–10-семестр студенттери менен миграциялык мыйзамдарды жана коомдук тартипти сактоо маселелерине арналган жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга ЭАЖММдин деканы Камчыбекова А.А., декандын орун басары Мукамбетова Ж.К., Med Edu Care уюмунун өкүлү доктор Раджу ГПК, ошондой эле Шашикант Дебаватула катышты.
Студенттерге миграциялык мыйзамдардын талаптары, жатаканаларда жашоо эрежелери, коомдук тартипти сактоонун маанилүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурдагы жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берилди.