Жаңылыктар
2026-05-21 10:13

ЭАЖММдин бүтүрүүчүсүнүн сыймыктуу жетишкендиги

Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби өзүнүн көрүнүктүү бүтүрүүчүсү доктор Зишан Алини коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө эмгеги үчүн Пакистан Ислам Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылган абройлуу «Тамга-и-Имтиаз» (Ардак медалы) сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт.

«Тамга-и-Имтиаз» сыйлыгы Пакистандын эң жогорку жарандык сыйлыктарынын бири болуп саналат жана жыл сайын өлкөгө өзгөчө салым кошкон жарандарга ыйгарылат. Быйыл бул ардактуу сыйлыкка өлкө боюнча болгону 125 адам Президенттин колунан ээ болушту.

Биз бүтүрүүчүбүз менен сыймыктанабыз жана доктор Зишан Алиге мындан аркы ийгиликтерди, чың ден соолук жана адамзатка кызмат кылуу жолунда жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Жаңылыктар Бүтүрүүчүлөр менен иш-чаралар