Жаңылыктар

ЭАЖММ студенттеринин “MEDICINE OF THE FUTURE 2025” эл аралык медициналык олимпиадасына катышуусу

2025-жылдын 31-октябрынан 3-ноябрына чейин Ташкент шаарында жайгашкан Central Asian University базасында «MEDICINE OF THE FUTURE 2025» аттуу эл аралык медициналык олимпиада өттү. Иш-чаранын негизги максаты — келечектеги дарыгерлердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана алдыңкы медициналык билимдер менен технологияларды интеграциялоо.

Олимпиадага Россия, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Индия, Индонезия жана башка өлкөлөрдөн жалпы 46 команда катышты.

Олимпиада бир нече этаптан турду:
• 1-тур: негизги дисциплиналар боюнча онлайн тандоо;
• 2 жана 3-тур: Ташкент шаарында Симуляциялык борбордо практикалык көндүмдөрдү текшерүү жана 5 раунддан турган суроо-жооп бөлүгү болду.

1-орунду Крым Федеральдык Университетинин командасы ээледи.

Калыстар курамында жогорку квалификациялуу адистер болду, алардын ичинде:
• Физиология жана медицина боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты — профессор Эдвард Мозер (Норвегия);
• Cleveland Clinic (АКШ) жетекчи адистери;
• ANA (American Nurses Association) уюмунун мүчөлөрү.

ЭАЖММде төмөнкү студенттерден турган команда өкүлчүлүк кылды:
Пайла Нагеш, Вахид Шах Мир, Шайх Асрар Шариф, Чаран Саи Таникелла, Афзал Мухаммад Ахтешам.
Команданын жетекчиси — терапия кафедранын башчысы Назира Төрөбаевна Кудайбергенова болду.

Олимпиаданын жыйынтыгында ЭАЖММ командасы жакшы натыйжаларды көрсөтүп, жогорку даярдыгын жана кесиптик мүмкүнчүлүгүн тастыктады.
Жаңылыктар