Жаңылыктар
2025-06-04 08:58

ЭАЖММдагы орус тили күнү

6-июнь — улуу акын Александр Сергеевич Пушкиндин туулган күнү. Ал орус тилинин кооздугунун жана күчүнүн символу болуп эсептелет.

Бул маанилүү күнгө карата ЭАЖММдин Гуманитардык сабактар кафедрасы чет өлкөлүк студенттер арасында орус тили менен маданиятын үйрөнүүгө жана жайылтууга багытталган мазмундуу жана эсте каларлык иш-чараларды уюштурду.

Студенттер мугалимдери менен биргеликте орус тилиндеги көркөм окуулар, ырлар, бийлер менен коштолгон маданий программа даярдашты. Майрамдын туу чокусу орус тилинде коюлган «Шалгам» аттуу көңүлдүү жана таасирдүү театралдык спектакль болду. Ошондой эле сүрөт тартуу боюнча конкурс өткөрүлүп, таланттуу катышуучулар сыйлыктар жана тастыктамалар менен сыйланышты.

Майрамдын алкагында орус тилиндеги туура сүйлөө конкурсунун 9-чыгарылышы өттү, экинчи жана үчүнчү семестрдин студенттери «Менин өлкөм», «Кыргызстандагы жашоом» жана башка темаларда тогуз таасирдүү баяндамаларды жасап, өздөрүнүн тил билимин жана темаларга болгон чын дилден кызыгуусун көрсөтүштү.

Ар бир катышуучу өздөрүнүн аракеттери жана жетишкендиктери үчүн тастыктамалар менен сыйланышты.

Орус тили мугалимдеринин эмгеги, шыктандыруусу жана колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жетекчилигиңиздер менен ушундай ийгиликтерге жетүүгө мүмкүн болду.

Орус тили күнү менен куттуктайбыз!
Жаңылыктар Гуманитардык сабактар кафедрасы