Жаңылыктар
2026-03-25 06:47

WHZ (Германия) делегациясынын ЭАЖММге расмий сапары

2026-жылдын 25-мартында Эл аралык Жогорку Медицина Мектеби (ЭАЖММ) Цвиккаудагы Батыш Саксония колдонмо илимдер (WHZ, Германия) университетинин делегациясын кабыл алды.

WHZ делегациясынын курамына төмөнкүлөр кирди:
— проф. д-р Кристиан Браувайлер, бизнес-администрлөө кафедрасынын башчысы
— проф. д-р Том Шааль, саламаттык сактоо менеджменти боюнча профессор
— Стефан Новак, PhD-студент

ЭАЖММди төмөнкү өкүлдөр катышышты:
— Профессор Ахунбаев Сталбек, ректор, м.и.д.
— Профессор Усенова Асель, окуу-тарбия иши жана дарылоо боюнча проректор, м.и.д.
— Джусупов Кенеш, коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, м.и.к.
— Омурзакова Айназик, эл аралык байланыштар боюнча проректор, Ph.D.
— Бажанова Алия, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү боюнча декан
— Мамбетова Айнура, орто медициналык билим берүү борборунун директору
— Кулова Мырзайым эл аралык долбоорлор жана кызматташтык бөлүмүнүн башчысы

Жолугушуунун жүрүшүндө академиялык кызматташуунун негизги багыттары талкууланды:
— кош диплом программаларын өнүктүрүү (кабыл алуу шарттары, мөөнөттөрү жана ишке ашыруу)
— WHZ университетинде өтүүчү жайкы мектепти уюштуруу («Саламаттык сактоону башкаруу», 2026-жылдын 31-май – 8-июнь)
— илимий изилдөөлөр жана аспирантура багытында кызматташууну кеңейтүү

Программанын алкагында ЭАЖММдин PhD студенттеринин презентациялары өткөрүлүп, ошондой эле профессор Том Шааль тарабынан «Медайымдык иште жасалма интеллектти колдонууда этикалык принциптер жана чакырыктар» темасында конок лекциясы окулду.

Иш-чара ишкердик түшкү тамак менен жыйынтыкталып, тараптардын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул жолугушуу Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эл аралык академиялык кызматташууну өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Саламаттык сактоодогу менеджмент Жаңылыктар