22 апреля 2026 года Международная высшая школа медицины (МВШМ) в сотрудничестве со студенческим эко-клубом «Go Green IHSM» кафедры
2026-жылдын 22-апрелинде Эл аралык жогорку медициналык мектеби (ЭАЖММ) гуманитардык сабактар кафедрасынын «Go Green IHSM» студенттик эко-клубу менен биргеликте «Green Future Forum» аттуу эл аралык студенттик эко-конференция уюштурушту.
Конференция туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерине, экологиялык жоопкерчиликке, экологиялык маданиятты калыптандырууга жана билим берүү чөйрөсүндө «жашыл» демилгелерди ишке ашырууга арналды. Иш-чара ошондой эле жыл сайын 22-апрелде дүйнө жүзү боюнча белгиленүүчү “Жер” күнүнө арналды. Бул айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүүлүгүн жана туруктуу келечек үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилейт.
Катышуучуларга куттуктоо сөздөрү менен төмөнкүлөр сөз сүйлөштү:
ЭАЖММдин ректору м.и.д., профессор, Ахунбаев С.М.
Erasmus+ Улуттук кеңсесинин координатору Исаева Г.Р.
КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын «Дүйнөлүк экономика жана эл аралык менеджмент» кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Керимбекова Р.А.
Конференция ERASMUS+ GREEN KG долбоорунун алкагында уюштурулду - «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер» (Erasmus-EDU-2023-CBHE 101126755 – GREENKG).
Конференцияга Кыргызстандын 10 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышты:
И.К. Ахунбаев атындагы КММА
МУК
К. Карасаев атындагы БМУ
И. Раззаков атындагы КМТУ
КТУ «Манас»
МШМ
Б. Осмонов атындагы ЖАГУ
С. Тентишев атындагы АзМУ
БМИ
ЭАЖММ
Форумдун алкагында экологиялык актуалдуу маселелерге жана туруктуу өнүгүү жаатындагы заманбап чакырыктарга арналган 33төн ашуун студенттик баяндама сунушталды. Конференция өлкөнүн ар кайсы окуу жайларынын студенттери арасында тажрыйба, идеялар жана пикир алмашуу, ошондой эле жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү үчүн натыйжалуу аянтча болду. Сыйлоо аземине «Таланты» арт-клубунун студенттеринин катышуусунда концерттик программа даярдалып көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, эко-конференциянын алкагында гуманитардык сабактар кафедрасында «Жашыл жума» иш-чаралары өткөрүлдү, алардын ичинде:
таштандыларды сорттоо боюнча воркшоп;
эко-кино кечеси;
ишембиликтер;
арт-көргөзмө;
кароо - сынактар;
экологиялык акция үчүн куш уяларын даярдоо.
«Green Future Forum» эл аралык студенттик эко-конференциясы жогорку уюштуруучулук жана мыкты деңгээлде өтүп, Кыргызстандагы экологиялык билим берүүнү, студенттик демилгелерди жана жогорку окуу жайлар аралык кызматташууну өнүктүрүүгө маанилүү салым кошту.