Бүгүн Эл аралык жогорку медицина мектеби (ЭАЖММ) Миссури университетинен (АКШ) конок окутуучу Кендра Уайаттты кабыл алды.
Сапардын жүрүшүндө Уайатт айым энелерге кам көрүү моделдери жана саламаттык сактоо системасынын деңгээлдери боюнча презентация жасап, Кыргызстан менен Монтана (АКШ) штатындагы саламаттык сактоо системаларын салыштырма талдоо жүргүздү. Ошондой эле медициналык билим берүүдөгү заманбап ыкмалар жана электрондук медициналык карталардын өнүгүшү талкууланды.
Программанын алкагында конок Симуляциялык борборун кыдырып чыгып, университеттин заманбап билим берүү инфраструктурасы, симуляциялык технологиялары жана студенттер үчүн практикалык окутуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Бул сапар медициналык билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында эл аралык академиялык диалогду өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.