18–21-январь күндөрү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин (ЭАЖММ) делегациясы ЭАЖММдин ректору, профессор Ахунбаев С.М.нын жетекчилиги алдында Кытай Эл Республикасына расмий иш сапары менен барды. Делегациянын курамына окуу жана клиникалык иштер боюнча проректордун милдетин аткаруучу, медицина илимдеринин доктору, профессор Усенова А.А., жугуштуу оорулар кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Кутманова А.З., ошондой эле эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Чукулдуков А. кирди.
Иш сапардын алкагында ЭАЖММдин делегациясы Кытайдын алдыңкы медициналык мекемелеринин бири болуп саналган Шанхай Цзяо Тун университетинин Медициналык мектебинин Хайнань эл аралык медициналык борборуна барды. Иш сапардын негизги максаты студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана алмашуу программаларын ишке ашырууга багытталган кызматташуу келишимине кол коюу болду.
Жолугушуулар учурунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечегин, биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле медициналык билим берүү жана кесиптик даярдоо жаатында тажрыйба алмашууну талкуулашты.
Келишимге кол коюу ЭАЖММдин эл аралык өнөктөштүгүн кеңейтүүдө жана Кытай Эл Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болду.