2026-жылдын 22–24-июнь күндөрү Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде (ЭАЖММ) мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын иштешин камсыздоо боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жылдык отчету өткөрүлдү.
Отчетторду Илимий иштер, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор О.Ж. Узаков жана мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүнүн башчысы Р.Ж. Зайыркулова тарабынан угулду. Отчеттук иш-чарага түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары, кафедра башчылары жана мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлер катышты.
Отчеттордун жүрүшүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары, документтерди кыргыз тилине которуунун көрсөткүчтөрү, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар, ошондой эле 2025–2026-окуу жылында коюлган милдеттердин аткарылышынын динамикасы сунушталды.
Отчетторду угуунун жыйынтыгында ЭАЖММдин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштерди мындан ары өркүндөтүүгө багытталган тиешелүү сунуштар берилди.
Жыл сайын өткөрүлүүчү мындай отчет мамлекеттик тилдин макамын чыңдоого, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жоопкерчилигин жогорулатууга жана ЭАЖММдин билим берүү мейкиндигинде тил саясатын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.