ЭЖММдин өкүлдөрү Эл аралык илимий-теориялык конференцияга катышты
2026-жылдын 25-февралындаЭл аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭЖММ) коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын өкүлдөрү «Адам санариптик дүйнөдө: билим берүү, менталдык саламаттык жана социалдык туруксуздуктун чакырыктары» аттуу Эл аралык илимий-теориялык конференцияга катышты.
Конференция Кант шаарында, Азиялык Эл аралык Институттун базасында өткөрүлдү.
ЭЖММди коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын окутуучусу Жумашалиева Айгерим Урустембековна, ошондой эле 5-семестрдин студенттери
Zinzala Vasur, Jethva Mohamadshaed жана Pathan Armankhan өкүлчүлүк кылышты.
Катышуучулар санариптик трансформация, билим берүү жана менталдык саламаттык маселелерине арналган илимий баяндамалар менен чыгышты.
Мындай эл аралык илимий иш-чараларга катышуу студенттердин изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана кесиптик өсүшүнө өбөлгө түзөт.