2026-жылдын 14-февралы Эл аралык Жогорку Медициналык Мектептин тарыхына университеттин дубалдарында дипломатия жанданып, өзүнүн Бириккен Улуттар Уюмунун модели конференциясы алгачкы жолу өткөрүлгөн күн катары кирди. Бул иш-чара гуманитардык сабактаркафедрасынын алдындагы «Адабият» адабий клубу тарабынан уюштурулду.
Конференциянын максаты – студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, дипломатия өнөрүн өздөштүрүү, дебат жүргүзүү көндүмдөрүн жана лидерлик сапаттарын чыңдоо болду. Иш Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын комитети форматында өттү. Делегаттар «Жеке аскердик компаниялардын ишмердүүлүгүн глобалдык жөнгө салуу» аттуу актуалдуу эл аралык маселени талкуулашты.
Конференцияга ар кайсы мамлекеттерди өкүлчүлүк кылган 12 делегат катышты. Катышуучулардын арасында ар түрдүү семестрлерде окуган студенттер болду, өзгөчө биринчи курстун студенттеринин активдүү катышуусу көңүл бурдурду. Иш-чарага ошондой эле Кыргызстан Эл аралык университетинен чакырылган делегат кошулду.
Бир күнгө окуу аудиториялары эл аралык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн аянтчага айланды. Студенттер дипломаттардын ролун аткарып, жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүштү. Талкуулар курчтугу, аргументтердин тайманбастыгы жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланып, атмосфера чыныгы Бириккен Улуттар Уюмунун ишине максималдуу жакындады.
Комитеттин төрайымы – Ширин Гохар, теңтөрайымы – Саба Шейкх.
Иш-чаранын уюштуруучулар тобу:
Конференциянын жыйынтыгында мыкты катышуучулар аныкталды:
Конференцияны өткөрүү студенттердин даярдыгынын жогорку деңгээлин жана алардын эл аралык талкууларга катышууга даяр экенин тастыктады. Бул иш-чара университеттин жашоосундагы маанилүү окуя гана болбостон, студенттер арасында дипломатиялык маданиятты жана академиялык лидерликти өнүктүрүүгө багытталган жаңы салттын башталышы болду.

- «Адабият» адабий клубунун жетекчиси – Ажибекова Азиза Арстанбековна;
- клубдун президенти – Шитлеш Ядав;
- башкы редактор – Атиф Шейкх;
- катчылар – Рага Сай Шаран, Харшини Саркела;
- социалдык тармактар боюнча менеджер – Сакши Джэин.
Конференциянын жыйынтыгында мыкты катышуучулар аныкталды:
- Мыкты делегат - Кхуразми Сайед Надир (КЭУ).
- Өзгөчө делегат -Деварья Мехта (ЭЖММ).
- Мыкты позициялык иш – Абдул Жалил (ЭЖММ)
- Ардак грамота – Адиль Кхан (ЭЖММ)
- Ардак грамота – Харш Гупта (ЭЖММ)
- Жетишкендик үчүн сертификат – Мохаммад Анас (ЭЖММ)