Жаңылыктар

ЭАЖММ PEVOC 16 | Voice Istanbul 2026 конференциясында

2026-жылдын 25–28-март күндөрү Эл аралык Жогорку Медицина Мектеби (ЭАЖММ) PEVOC 16 — Паневропалык үн боюнча конференциясында жана Voice Istanbul 2026 иш-чарасында өкүлчүлүк кылды. Бул иш-чара үн адистери үчүн эң алдыңкы эл аралык платформалардын бири болуп саналат.

ЭЖММди Орозалиева Алфиса М., м.и.к., доценттин милдетин аткаруучу өкүлчүлүк кылып, конференцияда илимий баяндама жасады.

Анын баяндамасы маанилүү жетишкендик болуп калды:
— бул эл аралык деңгээлде манасчылык өнөрү тууралуу биринчи баяндама болду
— Кыргызстан тараптан биринчи фониатриялык баяндама катары катталды

Конференция үн илими, медицина жана сахна искусствосу боюнча алдыңкы адистерди бириктирип, тажрыйба алмашуу жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү.

ЭЖММ бул жетишкендик менен сыймыктанат жана бул университеттин эл аралык академиялык коомчулуктагы ордун чыңдоого чоң салым кошот.
Жаңылыктар