Заманбап проктология: клиникалык учурдан улуттук протоколго чейин
2026-жылдын 20–21-августунда Хирургиялык оорулар кафедрасынын кызматкерлери, анын ичинде кафедранын окуу иштери боюнча завуч-мүдүрүнүн орун басары А.Ю. Айсаев, окутуучулар А.А. Анарбаева жана А.А. Аликжанов«Заманбап проктология: клиникалык учурдан улуттук протоколго чейин» аттуу II Ысык-Көл колопроктологиялык форумуна катышышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ак-Марал» эс алуу борборунда өткөрүлдү.
Форумдун алкагында заманбап колопроктологиянын актуалдуу маселелери, көтөн чучуктун жана аноректалдык аймактын ооруларын диагностикалоо жана дарылоо, ошондой эле клиникалык ыкмаларды өркүндөтүү жана дарылоонун улуттук клиникалык протоколдорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Хирургиялык оорулар кафедрасынын окутуучусу А.А. Анарбаева форумдун илимий программасына активдүү катышып, «Өнөкөт аналдык жаракаларды дарылоого комплекстүү мамиле» аттуу баяндама жасады.
Кафедра кызматкерлеринин форумдун ишине катышуусу алардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, колопроктология тармагындагы адистер менен клиникалык тажрыйба алмашууга, ошондой эле колопроктологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоонун заманбап ыкмалары менен таанышууга өбөлгө түздү.
Жыйынтык: Хирургиялык оорулар кафедрасынын кызматкерлеринин II Ысык-Көл колопроктологиялык форумуна катышуусу профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик өнүгүүсүнүн маанилүү багыты болуп саналат жана кафедранын окуу-методикалык жана клиникалык ишмердүүлүгүнө диагностикалоонун жана дарылоонун заманбап ыкмаларын киргизүүгө өбөлгө түзөт.