Жаңылыктар

ЭАЖММдин студенттери "КМШнын мыкты студенттери" наамына ээ болушту

Казакстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин маалыматтык колдоосу менен "Bilim Orkenieti" улуттук инновациялык изилдөө борбору КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу жана шыктуу студенттеринин ортосунда кызматташтыкты чыңдоого жана маанилүү байланыштарды түзүүгө багытталган "КМШнын мыкты студенти" эл аралык форумун уюштурду.

ЭАЖММдин “Таланттар” арт-клубунун мүчөсү Парта Шарма жана “Адабият” адабий клубунун мүчөсү Атиф Шейх “КМШнын мыкты студенти” деген эң жогору бааланган наамга ээ болушту. Биз алардын жетишкендигин сыймыктануу менен белгилейбиз. Алардын эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жана университетибиздин студенттик жана академиялык турмушуна активдүү катышуусу абдан жакшы жыйынтык берди. Ошондой эле гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы, “Таланттар” арт-клубунун жетекчиси Алымкулова Нурия Насипкуловнага жана гуманитардык сабактар кафедрасынын улук окутуучусу “Адабият” адабий клубунун жетекчиси Ажибекова Азиза Арстанбековнага студенттерди колдоп, аларга багыт берип жана шарттарды түзүп келгендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

ЭАЖММдин ректору, м.и.д., профессор Ахунбаев Сталбек Медеровичке жана университеттин администрациясына жана ГПК Раджу мырзанын атынан индиялык менеджментке ар тараптуу колдоосу жана жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Ийгиликтүү студенттерибизди куттуктайбыз!

Бул ийгилик дагы көптөгөн келечектеги чоң жетишкендиктерге жол ачсын!
Жаңылыктар