Жаңылыктар

«Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер» аттуу эл аралык илимий конференция

Жаңылыктар
2025-жылдын 1-3-сентябрында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети «Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жашыл жана санариптик университеттер» аттуу эл аралык илимий конференцияны өткөрүүдө. Иш-чара Европа Биримдигинин Erasmus+ GREENKG долбоорунун (ERASMUS+101126755-GREEN KG-ERASMUS-EDU-2023-CBHE) алкагында уюштурулууда. Конференцияга Кыргызстандын жана Европанын университеттери, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер жогорку билим берүүдө жашыл жана санариптик трансформацияны талкуулоо үчүн катышышууда.

Биринчи күнү төмөнкү маанилүү сессиялар жана ишжолугушуулар өттү:
  • Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин командасы (ЭАЖММ) долбоорду тааныштыруу
  • Милдеттүү тармактар аралык курс жана тандоо мүмкүнчүлүгү бар микрокредиттик модулдарды иштеп чыгуу боюнча талкуу (Гамбург колдонмо илимдер университети – HAW)
  • Курстарды өркүндөтүү боюнча иштиктүү сессиялар
  • GreenKG курстарын катышуучу университеттер тарабынан презентациялоо жана талкуу, пикир алмашуу.

ЭАЖММде төмөнкү өкүлдөрү:
  • Джусупов К.О., – Коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент;
  • Исмаилова Ч.С., – Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доц. м.а.;
  • Карагулова М.К., – Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к., доцент.

Конференциянын программасына пленардык отурумдар, илимий панелдер жана туруктуу өнүгүү боюнча жаңы курстардын презентациялары кирет.

Академиялык алмашуудан тышкары катышуучулар нетворкингге жана маданий иш-чараларга, анын ичинде тарыхый жайларга барууга катышышат. GREENKG долбоору жогорку билим берүү тармагындагы жашыл жана санариптик инновациялар аркылуу туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүп, Кыргызстан менен Европанын университеттери ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. ЭАЖММ Erasmus+ долбоорлоруна туруктуу катышып, академиялык деңгээлин жогорулатууга, эл аралык кызматташтыкты жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө болгон өз милдеттенмесин тастыктайт.