Германияга илимий-изилдөө сапары: Erasmus+ D-TIDE-KG долбоорунун алкагында эл аралык семинардын ачылышы
Erasmus+ D-TIDE-KG долбоорунун алкагында Гамбург колдонмо илимдер университетинде эл аралык илимий-изилдөө сапары жана семинар башталды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Европанын өнөктөш университеттеринин өкүлдөрү катышты. Биздин университеттен программада А.А. Усенова – академиялык жана медициналык иштер боюнча проректору, А.Э. Бажанова –дипломдон кийинки окуунун деканы, К.О. Жусупов – коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын башчысы жана долбоордун координатору, Лим Э.Ф. – Атайын хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы, Чынарбек Мырзабек у. – IT бөлүмүнүн адиси, жана Ильязова Н.Б. – Коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын милдетин аткарып жаткан доценти.
Изилдөө сапарынын программасы санариптик PhD билим берүүнү өнүктүрүүгө, эл аралык академиялык кызматташтыкка жана доктордук программаларды уюштурууда заманбап ыкмаларды киргизүүгө багытталган.
Талкуулар төмөнкүлөргө багытталат:
• инновациялык PhD программаларын ишке ашыруу үчүн бирдиктүү IT-платформаны өнүктүрүү; • санариптик технологиялар жана инклюзивдүү окуу куралдары аркылуу PhD билим алууга мүмкүнчүлүктү кеңейтүү; • жогорку билимди санариптештирүү жаатында Кыргызстан менен Европа университеттеринин ортосунда тажрыйба алмашуу.
D-TIDE-KG долбоору заманбап санариптик окуу чөйрөсүн түзүүнү жана Кыргыз Республикасындагы университеттердин эл аралык интеграциясын бекемдөөнү максат кылат.