ЭАЖММнин студенти «КМШнын мыкты студенти - 2026» наамына ээ болду
Биз жагымдуу жаңылык менен бөлүшүүдө абдан кубанычтабыз!
Казакстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин маалыматтык колдоосу менен «Bilim Orkenieti» Улуттук инновациялык изилдөө борбору Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) таланттуу жана өзгөчө жөндөмдүү студенттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана байланыштарды чыңдоого багытталган «КМШнын мыкты студенти» эл аралык форумун уюштурду.
Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеп сыймыктануу менен биздин студент жана «Таланттар» арт-клубунун активдүү мүчөсү Вивек Чавхан Намдео «КМШнын мыкты студенти – 2026»аттуу абройлуу наамга ээ болгонун жарыялайт.
Бул татыктуу сыйлык анын максатка умтулгандыгынын, тынымсыз эмгегинин, жогорку академиялык жетишкендиктеринин жана университеттин коомдук жашоосуна активдүү катышуусунун жыйынтыгы болуп саналат.
Ошондой эле анын насаатчысы - гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы жана «Таланттар» арт-клубунун жетекчиси Алымкулова Нурия Насипкуловнага кесипкөйлүк менен жетекчилик кылганы, үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөнү жана таланттуу жаштарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
ЭАЖММдин ректору, м.и.д., профессор Ахунбаев Сталбек Медеровичке, университеттин администрациясына жана индиялык менеджмент ГПК Раджу мырзанын ар тараптуу колдоосу жана жардамы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Ийгиликтүү студенттерибизди куттуктайбыз!
Вивекти булжетишкендиги менен чын жүрөктөн куттуктап, ага мындан аркы ийгиликтерди, шыктанууну жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!