2026-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Элчилиги Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби (ЭАЖММ) менен кызматташтыкта Ысык-Көлдүн кооз жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында Йоганын эл аралык күнүнүн (IDY) 12-жылдыгына арналган 50 күндүк артка саноону белгиледи.
Иш-чарага Элчи Сингх, ЭАЖММдин Ысык-Көл кампусунун проректору, м.и.к. Даниял Чынгышпаев, декан Элиза Айдаралиева жана Ысык-Көл кампусунун координатору Сандхья Еллампалли катышышты. Иш-чаранын алкагында болжол менен 100 студент Йоганын жалпы протоколун аткарышты. Өз сөзүндө Элчи йоганын ден соолукту сактоодо жана тең салмактуу жашоону камсыз кылууда маанилүү ролун баса белгилеп, катышуучуларды 2026-жылдын 21-июнунда өтө турган Йоганын эл аралык күнүн белгилөөгө активдүү катышууга чакырды.
Ысык-Көл кампусунда салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келген бул йога иш-чарасы ЭАЖММдин маданий жана ден соолукту чыңдоочу ишмердүүлүгүнүн маанилүү бөлүгүнө айланды. ЭАЖММ үчүн Кыргыз Республикасындагы Индия Республикасынын Элчилиги менен тыгыз жана жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү чоң сыймык болуп саналат, бул ден соолук, жана маданий алмашуу сыяктуу жалпы баалуулуктардын негизинде байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.