Жаңылыктар

ЭАЖММ студенти 63-Эл аралык илимий-практикалык конференциянын байге ээси болду

2026-жылдын 9–10-апрелинде Бишкек шаарында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын базасында «КММАнын Илим күндөрү – 2026» аттуу 63-Эл аралык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.

«Биомедициналык инженерия» секциясынын алкагында Эл аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ) 5-курс студенти, 39-топтун өкүлү Sandhi Safin Aslambhai «AI Readiness Among Medical Students» темасында баяндама жасап, медицина тармагында жасалма интеллект технологияларын колдонууга студенттердин даярдыгы боюнча изилдөөсүн сунуштады.

Конференциянын жыйынтыгында студент III даражадагы диплом менен сыйланды.

Илимий жетекчиси: Айталиева Рами Руслановна, коомдук саламаттык сактоо кафедрасынын окутуучусу.

ЭЖММ студентти бул жетишкендиги менен куттуктап, илимий ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалайт.
Жаңылыктар Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасы