Эл аралык жогорку медициналык мектепте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен 1-семестрден 10-семестрге чейинки студенттердин катышуусунда маалыматтык-профилактикалык жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага төмөнкү өкүлдөр катышты:
Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Коомдук коопсуздук башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги, милициянынподполковниги Мамыралиев Эрлан Абасканович;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз диний ишмердикке каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянынмайоруАбдуманнаповЮ.А.; милициянын майору Бакиев Т.;
ЭАЖММ деканы А.А. Камчыбекова; Коопсуздук боюнча декандын орун басары А.А. Шигаев, Декандынорунбасарлары МукамбетоваЖ. К., ХодюковаД.В., АлмамбетоваА.А.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге жол кыймылынын коопсуздугу жана Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча маалымат берилди. Жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоого, автотранспорт каражаттарын коопсуз пайдаланууга, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жана башка жоопкерчиликке өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун өзүнчө бөлүгү экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу маселелерине арналды. Студенттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизги талаптары түшүндүрүлүп, социалдык тармактарды колдонууда сак болуу жана тыюу салынган экстремисттик же террористтик ишмердиктин белгилерин камтыган материалдарды таратпоонун зарылдыгы эскертилди.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдарды сактоосу, ошондой эле окуу мезгилинде мыйзамсыз эмгек ишмердиги менен алектенүүгө жол берилбестиги боюнча маселелер талкууланды.
Ошондой эле улуттар аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка өзгөчө көңүл бурулду. Студенттерге ар кандай улуттардын жана диний ишенимдердин өкүлдөрүнө урмат-сый менен мамиле кылуунун, коомдук тартипти сактоонун жана чыр-чатактуу кырдаалдарга жол бербөөнүн маанилүүлүгү эскертилди.