Жаңылыктар

ЭАЖММ өкүлү EAACI Congress 2026 Европа конгрессине катышты

Эл Аралык Жогорку Медицина Мектебинин (ЭАЖММ) педиатрия кафедрасынын доценттин милдетин аткаруучусу, аллерголог-иммунолог Майрам Кошукеева 2026-жылдын 11–15-июнь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өткөн Европа аллергология жана клиникалык иммунология академиясынын конгрессине (EAACI Congress 2026) катышты.

EAACI Congress аллергология жана клиникалык иммунология тармагындагы дүйнөдөгү эң ири эл аралык илимий иш-чаралардын бири болуп саналат жана жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн алдыңкы окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана дарыгерлерди бириктирет. 2026-жылы конгресске дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн 8 миңге жакын делегат катышты.

Конгресстин илимий программасынын алкагында Майрам Кошукеева балдар аллергологиясынын актуалдуу маселелерине арналган эки постердик баяндама менен өзүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунуштады. Изилдөөлөр эл аралык илимий коомчулуктун кызыгуусун жаратып, ар кайсы өлкөлөрдөн келген адистер менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Конгресстин жүрүшүндө катышуучулар аллергиялык жана иммунологиялык ооруларды диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу боюнча заманбап жетишкендиктерге арналган пленардык жыйындарга, илимий симпозиумдарга, билим берүү сессияларына жана мастер-класстарга катышышты. Өзгөчө көңүл аллергенге спецификалык иммунотерапияга, молекулярдык аллергологияга, бронхиалдык астмага, атопиялык дерматитке жана тамак-аш аллергиясына бурулду.

EAACI Congress 2026га катышуу ЭАЖММдин эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик байланыштарды чыңдоого жана заманбап илимий жетишкендиктерди медициналык билим берүү менен клиникалык практикага киргизүүгө болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
Жаңылыктар Педиатрия кафедрасы